01.25.22

Үстүбүздөгү жылдын 24-январында Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Э.Узвар башында турган Жогорку билим берүү кеңешинин жетекчилигинин делегациясын кабыл алды.

 Жолугушууга Түркиянын Өзбекстандагы элчиси О.Бекар жана Түркиянын Соода министрлигинин өкүлдөрү дагы катышты.

Жолугушууда жогорку билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Көрүшмөнүн жүрүшүндө Түркиянын алдыңкы окуу жайларынын катышуусунда, Өзбекстанда “Өзбекстан-Түркия” университетин түзүүнү тездетүү чаралары каралды. Тиешелүү макулдашуу 2020-жылдын август айында, Өзбекстандын өкмөттүк делегациясынын Анкарага болгон иш сапарынын алкагында жетишилген болучу. Тараптар бул багытта мындан аркы кадамдарын белгилешип жана жакын арада жасала турган иштер  боюнча макулдашышты.

Өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө эки тарап даяр экендигин жолугушуу учурунда билдиришти. Ошондой эле Өзбекстандын аймагында инженерия, искусство, медицина, айыл чарба жана туризм тармактарында, Түркиянын алдыңкы окуу жайларынын жаңы филиалдарын түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Мындан тышкары, профессордук-окутуучулук курамды, илимий кызматкерлерди жана студенттерди алмашуу боюнча кызматташууну тереңдетүү перспективалары талкууланды. Илимий кызматкерлердин квалификациясын жана студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда лекцияларды, практикалык сабактарды, интерактивдүү семинарларды жана тренингдерди уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

https://centralasia.media/news:1758332