01.02.22

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 31-январь күнү, Ташкент шаарында ишке ашырыла турган долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу, мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш чаранын жүрүшүндө, инвестиция жана экспорт маселелери талкууланды. Планга ылайык, 2022-жылы Өзбекстандын борбор шаарында 738 долбоор ишке ашыруу пландалып ага 3,8 миллиард долларлык инвестиция жумшалмакчы, анын 2 миллиард доллары  чет элдик түз инвестиция болот.

Быйыл жалпысынан 27 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт. Ташкент шаарына караштуу ички райондордун жетекчилери, инвестициялык долбоорлорду түзүү боюнча алдыдагы иш-чаралар жана  5 жылга карата аткарыла турган иштер тууралуу маалыматтар берилди. Шавкат Мирзиёев Ташкенттин кеңири каржылык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп өттү. Жергиликтүү кошумча долбоорлор аркылуу ар бир район кошумча дагы 100 миллион доллар инвестиция тарта алат деп билдирди. 2022-жылга карата, Ташкент шаарынын экспорту 1,4 миллиард долларды, ал эми 2026-жылга чейин 2,5 миллиард долларды түзө тургандыгы күтүлүүдө. Президент ички суроо-талапты камсыз кылуу, ошондой эле эл аралык бренддерди тартуу менен тышкы сооданы көбөйтүүнү тапшырды.

https://centralasia.media/news:1759846