08.02.22

“Фольксваген Групп Рус” компаниясынын башкы директору Стефан Меча баштаган делегация, Өзбекстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу, Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда меймандарга Өзбекстанда “Евро-5” маркасындагы мотор майын өндүрүүнү өнүктүрүү пландары менен тааныштырышты. Мындан тышкары: тараптар “GTL” заводунун иши жана “Бухара” нефтини кайра иштетүүчү заводдун реконструкциялоону талкуулашты.

Өлкөдө электромобилдерди чыгарууга  мүмкүнчүлүк бар экендиги “Фольксваген Групп Рус” компаниясынын делегациясынын кызыгуусун жаратты. Мындан тышкары, компаниянын өкүлдөрү жаратылыштан энергия алуунун булактарын өнүктүрүү долбоорлору менен таанышып чыгышты. Тараптар ошондой эле келечектүү биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

 

https://centralasia.media/news:1761310