07.02.22

Өзбекстандын Олий Мажлис (парламент) Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева 7-февралда, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын (парламент) Гендердик теңчилик боюнча комиссиясынын төрайымы Фатма Аксал баштаган Түркиялык делегациясы менен жолугушту.

Көрүшмөнүн башында, Танзила Нарбаева Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан фундаменталдуу саясий жана социалдык-экономикалык реформаларга, гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча иштерге токтолду. Бул контекстте, Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы бардык тармактарда, анын ичинде парламенттер арасында кызматташуунун жаңы деңгээли баса белгиленди.

Талкуунун негизги темасы гендердик теңчиликти камсыздоо жана аялдардын кызыкчылыктарын коргоо маселеси болду. Бул маселе боюнча пикир алмашуу учурунда, Фатма Аксал Өзбекстан чоң ийгиликтерге жетишип жатканын белгилеп өттү. Фатма Аксал: “Биздин өлкөдө аялдардын маселелерине көңүл бурулуп, аялдар менен эркектерге бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, эмгек жана жашоо шарттарын жакшыртуу, аялдарга карата зомбулук фактыларын жоюу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоо боюнча практикалык иштер аткарылып жатат”- деп белгилеп өттү. Ошондой эле Фатма Аксал 2021-жылы, Өзбекстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидер аялдарынын диалогуна төрагалык кылгандыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, төмөндөгү багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу аркылуу натыйжалуу кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

- Соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактар;

- Эки өлкө үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча, анын ичинде аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу чөйрөсүндө кызматташтыкты түзүү;

- Өлкөлөрдүн аймактарынын ортосунда түз байланыштарды түзүү.

https://uzreport.news/politics/uzbekistan-i-turtsiya-ukreplyayut-sotrudnichestvo-v-oblasti-obespecheniya-gendernogo-raven