17.02.22

Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин өкүлдөрү, Пакистандын Соода министринин биринчи орун басары Мухаммад Салех Фаруки башында турган делегация менен жолугушуу өткөрүштү.

Көрүшмөнүн  жүрүшүндө инвестициялык, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда, Өзбекстан-Пакистан кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу, Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көрүшмө учурунда, эки өлкөнүн ортосундагы артыкчылыктуу соода жөнүндө макулдашуунун долбоорун макулдашууну тездетүү боюнча чаралар талкууланды. Мындан тышкары, “Термез – Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар” трансафган темир жол коридорун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды.

Өнөр жай кооперациясын тереңдетүү максатында, Пакистандын бизнес делегацияларынын Өзбекстанга иш сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди. Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар кызматташуунун каралган бардык багыттары боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

https://centralasia.media/news:1763239