17.02.22

Өзбекстандын “Узавтосаноат” компаниясы бир күн мурун Кытайдын “BYD” электромобилдерин өндүрүүчү ири компаниясы менен меморандумга кол койгон. Бул тууралуу, “Узавтосаноат” компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын экономика боюнча орун басары Азизбек Шүкүров билдирди.

Анын айтымында, документ Өзбекстанда электромобилдерди чыгарууну өнүктүрүүгө жасалган алгачкы кадам болмокчу.

Эскерте кетсек, өткөн жуманын аягында Шавкат Мирзиёев “Узавтосаноат” ишканасына, 2022-жылдын аягына чейин чет элдик компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Өзбекстанда электромобилдерин чогултуучу өндүрүшүн түзүү боюнча стратегиялык өнөктөш тандоону тапшырган болучу.

Эскерте кетсек, Кытайлык “BYD” компаниясы дүйнөдөгү эң ири автоконцерндердин бири болуп саналат. Ал чакан автоунааларды, седандарды, анын ичинде бизнес-класс, кроссоверлерди, гибриддик унааларды, электромобилдерди жана электробустарды чыгарат. Компаниянын өндүрүштүк базалары Пекинде, Шанхайда, Шэньчжэнде жана Сиань шаарларында жайгашкан. Жыл сайын автокомпаниянын илимий-изилдөө тобу автомобиль өнөр жайында 500 жакын патент алат.

https://kabar.kg/news/kitaiskii-proizvoditel-elektrokarov-byd-voidet-v-rynok-uzbekistana/