01.03.22

Өзбекстан жана Казакстандын энергетика министрлери Алишер Султанов жана Болат Акчулаков жолугушту. Бул тууралуу, Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Казакстандын энергетика министрлери Алишер Султанов эки өлкөнүн отун-энергетика тармагындагы кызматташуусу тынымсыз өсүп жатканын белгиледи. Атап айтканда, жыштыктарды көзөмөлдөө кызматтары, транзиттик кызматтар, ошондой эле бирдиктүү аймактык электр системасы алкагында электр энергиясын экспорттук-импорттук жеткирүүлөрдү  белгилөөгө болот.

Ошондой эле, эки өлкө Казакстандын түштүк аймактарына Өзбекстандын  кайра терең  иштетүүдөн өткөрүлгөн газын полиэтилен, полипропилен, техникалык майларды экспорттоо сыяктуу багыттар боюнча тынымсыз өз ара аракеттенишүүдө.

“Узтрансгаз” жана “ИКА” компаниялары Казакстандын аймагы аркылуу жаратылыш газын ташуу боюнча келишим түзүп, ишке ашырууда.

Жолугушууда эки өлкөнүн энергетика министрликтеринин жетекчилери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча чараларды белгилешти.

 

https://kabar.kg/news/ministry-energetiki-uzbekistana-i-kazakhstana-obsudili-razvitie-sotrudnichestva/