04.03.22

Өзбекстан жана Пакистан жакынкы жылдары өз ара товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга, ал эми узак мөөнөттүү келечекте 1 миллиард долларга жеткирүүгө ниеттенүүдө. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Пакистанга жасаган мамлекеттик сапарынын  жыйынтыгы боюнча массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө берген брифинг учурунда белгилүү болду. Бул тууралуу,  “УзА” маалымат агенттиги билдирди.

Шавкат Мирзиёев журналисттерге сүйлөп жатып, бул жолку сапар символикалык мааниде ири тарыхый окуянын, эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында өтүп жатканын баса белгиледи.

Шавкат Мирзиёев: “Пакистан менен бирге биз эки өлкөнүн гана эмес, Борбордук жана Түштүк Азиянын стратегиялык маанилүү аймактарынын ортосунда да бекем кызматташтык көпүрөсүн куруп жатабыз”, - деп белгилеп өттү.

Расмий иш сапарынын жүрүшүндө, маанилүү болгон  преференциалдык соода келишимине кол коюу болду. Фармацевтика, текстиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба, курулуш, банк-финансы сектору жана башка негизги тармактарда өнөр жай кызматташтыгын тереңдетүү боюнча маанилүү макулдашууларга жетишилди. Ошондой эле 800 миллион долларга бааланган 60 жакын жаңы инвестициялык жана соода келишимдери түзүлдү.

Тараптар Борбордук жана Түштүк Азиянын өз ара байланышын чыңдоого багытталган биргелешкен ири транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнү макулдашты. Өзбекстанга Пакистандын аймагы аркылуу эл аралык деңиз портторуна жол ача турган “Термез – Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар” стратегиялык темир жол линиясынын курулушун эрте баштоонун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Өзбекстан менен Пакистандын коопсуздук чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү белгиленип, аскердик-техникалык чөйрөдө, терроризмге, экстремизмге жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташтык бекемделүүдө.

Өнөктөштүктүн эң маанилүү жана келечектүү багыттарынын бири маданий-гуманитардык чөйрө болуп саналат. Шавкат Мирзиёев: “Байыркы Улуу Жибек жолунун кесилишинде жашаган Өзбекстан жана Пакистандын элдерин эзелтеден жалпы тарых, жалпы тил жана бай руханий мурас байланыштырып турат”, - деп баса белгилеп өттү өз сөзүндө.

https://kabar.kg/news/uzbekistan-i-pakistan-namereny-v-perspektive-dovesti-vzaimnyi-tovarooborot-do-1-mlrd/