19.07.22

Өзбекстандын Асака шаарында жайгашкан «UzAutoMotors» заводунда жаңы «Chevrolet Tracker» кроссовер унаалары  чыгарыла баштады. Авто өндүрүүчүлөрдун айтымында, модель толук өндүрүштүк цикл ыкмасына ылайык чыгарылат, башкача айтканда ширетүү жана краскалоо иштерине чейин толугу менен аталган заводдо жасалат.

Биринчи этапта Өзбекстанда жылына 80 000 даана  автоунаа өндүрүлөт жана аларды сатуу иштеринин башталышы 2022-жылдын 30-августуна пландаштырылган. Автоунаалар үч негизги  LS, LT жана Premier стандарттарында сатуу пландаштырылууда.

Жаңы муундагы «Chevrolet Tracker» автоунаасы «General Motors» жана кытайлык «SAIC» концерни менен бирге иштелип чыккан «Global Emerging Markets» (GEM) модулдук платформасында курулган. Асака шаарындагы  завод аталган  унааларды өндүргөн үчүнчү завод болуп калды. Буга чейин автоунааларды чогултуу заводдору  Бразилияда жана Кытайда курулган болучу.

https://centralasia.media/news:1793624