01.09.22

Үстүбүздөгү жылдын 31-августь күнү Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) “Маsdar” компаниясы, Өзбекстандын Навои облусунун Тамды районунда кубаттуулугу 500 мегаватт (МВт) болгон “Заравшан” шамалдан энергия өндүргөн станциясын куруу боюнча келишимге кол койду.

Кубаттуулугу 500 мегаватт (МВт) шамал станциясы, Борбордук Азиядагы эң ири долбоор болуп саналат. Ал болжол менен 500.000 миң үй-бүлөнү электр энергиясы менен камсыздайт жана жылына 1,1 миллион тоннага жакын көмүр кычкыл газынын атмосферага бөлүнүп чыгышын алдын алат. Долбоор Өзбекстандын 2030-жылга чейин электр энергиясына болгон керектөөсүнүн 25% пайызын жаратылыш энергия булактарынын эсебинен камсыз кылуу максатын ишке ашыруунун алкагында жасалууда. Бул тууралуу, Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2020-жылы компания Өзбекстандын өкмөтү менен Борбор Азиядагы эң ири долбоор болгон “Зарафшан” шамал станциясын долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча эки тараптуу келишимдерге кол койгон. Долбоор 600 миллион доллардан ашуун түз чет элдик инвестицияны тартууну көздөйт.

2024-жылдын аягына чейин ишке берилиши пландалган “Зарафшан” шамал станциясы, аталган “Маsdar” компаниясынын Өзбекстандагы экинчи ири өнөр жай долбоору болуп саналат. Компания  буга чейин, Навои шаарынын Кармана районунда 2021-жылы 100 мегаватт (МВт) кубаттуулуктагы күндөн энергия алган станциясын ишке киргизген болучу.

“Зарафшан” станциясынын долбоорунун алкагында, 2020-жылдын июнь айында “Маsdar” компаниясы жана Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлиги, Өзбекстандын Улуттук электр тармактары ачык акционердик коомунун ортосунда электр энергиясын инвестициялоо жана сатып алуу боюнча келишимге кол коюлган. 2021-жылы компания Өзбекстандын бир катар аймактарында жалпы кубаттуулугу 897 мегаватт (МВт) болгон күндөн энергия алуучу станцияны куруу  боюнча келишимге кол койгон. Эскерте кетсек “Маsdar” компаниясы, Абу-Дабиде жайгашкан жаратылыштан энергия алуучу станцияларды курууга адистешкен дүйнөдөгү ири компания болуп эсептелет.

 

https://centralasia.media/news:1801854?from=portal&place=last&b=1