24.08.22.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бир күн мурун Самаркандда “Улуу Жибек жолу” эл аралык туристтик борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу,  “Кабар” маалымат агенттиги билдирди.

Ачылыш аземинде президент Шавкат Мирзиёев сөз сүйлөп, өлкө калкын бул кубанычтуу окуя менен куттуктады. Анын айтымында, Самарканд шаары өзбек улуттук мамлекеттүүлүгүнүн негизи болуп саналат жана тарыхта эки Ренессанстын калыптанышында жана өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон. Шавкат Мирзиёев: “Бул кереметтүү борбор улуу бабаларыбыз түптөгөн архитектуралык салттардын уландысы. Ал биздин даңктуу тарыхыбыз менен азыр пайдубалы түптөлүп жаткан Үчүнчү Ренессанстын ортосундагы символикалык көпүрө болуп каларына ишенем. Улуу Жибек жолу комплекси Өзбекстандын дүйнөгө ачык дарбазасы”, - деп белгилеп өттү.

Көп тармактуу борборго 8 заманбап мейманкана, конгресс-холл, “Түбөлүк шаар” комплекси, амфитеатр жана башка көптөгөн объектилер кирет. Республиканын бардык аймактарынын салт-санаасын чагылдырган 40 кол өнөрчүлүк устаканасы бар эски базар бар. Аларда кол өнөрчүлөр жыгачтан оюу, карапачылык, жибек, зергерчилик жана килем токуу боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт.

Жаңы туристтик борбор жылына 2 миллион туристти тейлөөгө жөндөмдүү. Ал жакынкы жылдарда, Самаркандга келүүчү чет элдик туристтердин санын 1,5 миллиондон ашык адамга жеткирүүдө маанилүү роль ойнойт. Өзбекстан келерки беш жылда өлкөгө келген туристтердин санын азыркы 2 миллиондон 9 миллионго жеткирүүнү көздөп жатат, туризм тармагында иштегендердин саны учурда 500 миң кишиден ашат.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен Самарканд облусундагы кайык каналынын жээгинде, 212 гектар аянтка чоң комплекстин курулушу башталган. Ага тажрыйбалуу архитекторлор менен инженерлерден турган эл аралык топ тартылып, терең ойлонулган долбоор иштелип чыккан. Ишке ата мекендик квалификациялуу куруучулар менен бирге Кытайдан, Түркиядан, Улуу Британиядан, Италиядан тажрыйбалуу адистер катышкан.

https://kabar.kg/news/prezident-uzbekistana-otkryl-mezhdunarodnyi-turisticheskii-tcentr-velikii-shelkovyi-put-v-samarkande/