08.09.22

Ташкентте Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаев жана Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Батыр Атдаевдин жолугушуусу болуп, эки өлкөнүн мамилелерин өнүктүрүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу “Orient” басылмасы жазып чыкты.

Өзбекстан жана Түркмөнстандын ортосунда 2022-2025-жылдарга соода-экономикалык кызматташтык жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун келечеги, инвестиция тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.

Ошондой эле жолугушууда, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү былтыр 67% пайызга өсүп, 902 миллион долларга жеткени, быйыл бул көрсөткүч дагы 9% пайызга өсүп, жарым жылда 486 миллион долларга жеткени айтылды. Ошого карабастан, маектешүүдө өз ара сооданын көлөмүн мындан дагы көбөйтүп, кыска мөөнөттө жылына 2 миллиард долларга чейин жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Мындан тышкары, тараптар 2022-жылдын аягына чейин соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча «Өзбекстан-Түркмөнстан» биргелешкен комиссиясынын 17-жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Тараптар текстиль, фармацевтика, курулуш жана айыл чарба тармактарында биргелешкен долбоорлорду көбөйтүүнү макулдашты. Мындан тышкары, автоунааларды жана айыл чарба техникаларын биргелешип чыгарууга, Түркмөнстанда тиричилик техникасын биргелешип чыгарууну уюштурууга, аймактар ​​аркылуу товарлардын транзитин стимулдаштырууга кызыкдар экендигин билдиришти. Эки өлкөнүн ортосундагы жана эл аралык транспорт коридорлору боюнча ташууну уюштуруу, деңиз портторун пайдалануу маселелери дагы талкууланды.

https://centralasia.media/news:1803393