14.09.22

Өзбекстандын Ташкент облусунда, Борбордук Азиядагы ири вакцина чыгаруучу инновациялык борбор ачылат. Долбоордун баасы 100 миллион долларды түзөт.

13-сентябрь күнү Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында, Өзбекстандын Инновациялар министрлиги жана  «Luye Investment Group Co., Ltd» компаниясы менен биргеликте вакцина чыгаруучу инновациялык борбор түзүү боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул тууралуу, министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында Өзбекстандын Инновациялык өнүктүрүү министрлиги аталган компания менен биргеликте 2023-2028-жылдары жалпы баасы 100 миллион долларды түзгөн, инновациялык вакцина борборун түзүү боюнча меморандумга кол коюшту. Ошондой эле компаниянын расмий өкүлү Лю Дианбо, Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлиги тарабынан коронавируска каршы вакцинаны өндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жогору баалады.

Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлиги тараткан маалыматта: «Инновациялык вакцина борбору Борбордук Азиядагы бирден бир толук циклдуу биотехнологиялык изилдөө жана тажрыйба-конструктордук ишкана болуп саналат. Ал Өзбекстандын жана постсоветтик өлкөлөрдүн рыногун жогорку технологиялык продукция менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Долбоордун алкагында жылына 2 миллиард долларга бааланган бир нече гепатит вирустарына каршы мисалы, А, В гепатити, папилломавирус, кызамык, жана башка ооруларга каршы 10 түрдөгү вакциналардын 200 миллион дозасын өндүрүү каралган», - деп айтылат маалыматта.

https://centralasia.media/news:1804396