16.09.22

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 15-сентябрь күнү Самаркандда өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.

Көрүшмө учурунда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу, Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн лидерлери салтка айланган эки өлкөнүн достук, жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелери акыркы жылдары сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлүп, конкреттүү практикалык мазмунга ээ болгондугун канааттануу менен белгилешти.

Мындан тышкары, Түркмөнстан менен Өзбекстандын башчылары жыл башынан бери 10% пайызга өскөн сооданын туруктуу өсүшүнө басым жасашты.

Тараптар ошондой эле логистика, өнөр жай, айыл-чарба жана суу чарба тармактарында, биргелешкен кызматташуу долбоорлорун ишке ашырууну жана аймактардын өз ара аракеттенүүсүн жана маданий-гуманитардык алмашууну кеңейтүүнү белгилешти.

Эскерте кетсек, Түркмөнстандын президенти Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине ардактуу конок катары катышууда.

https://business.com.tm/ru/post/9158/prezidenty-turkmenistana-i-uzbekistana-rassmotreli-voprosy-dalneishego-razvitiya-dvustoronnego-sotrudnichestva