19.09.22

Кытайдан 19-сентябрдан баштап “Кашкар-Ош-Анжиян-Галаба-Хайратан” (Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Афганистан) жаңы транзиттик каттамы боюнча, контейнердик поезд менен пилоттук товар ташуу башталды. Бул тууралуу “Өзбекстан темир жолдору” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандан 12 даана, ар бири 40 футтук көлөмдөгү контейнерден турган биринчи поезд каттам боюнча жөнөп кетти. Жүктүн курамында тамак-аш азыктары, тиричилик техникасы жана эл чарбасынын керектөөлөрү үчүн буюмдар бар.

Товарлар Кытай тарап тарабынан контейнерлерге салынып даярдалган. Келген товарлар, Ош темир жол станциясында (Кыргызстан) Өзбекстанга тиешелүү вагондорго жүктөлүп Афганистанга жөнөтүлдү.

Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, Афганистан багытына бул мультимодалдык каттам боюнча жүк ташуунун көлөмү жылына 4 миңден ашык контейнерди түзмөкчү.

Белгилей кетчү нерсе, бул мультимодалдык маршрут менен Өзбекстандын аймагы аркылуу жүк ташууга 70% пайыз, ал эми башка өлкөлөрдүн аймагында 50% пайызга чейин транзиттик салыктан жеңилдик берилет.

Эскерте кетсек бул коридор менен жүктөрдү ташуу, Кытайдын Кашкар темир жол станциясынан Кыргызстандын Ош темир жол станциясына чейин, кара жол аркылуу автомобиль менен ташылып келет. Ал эми, Ош темир жол станциясынан контейнерге салынып поездке жүктөлүп, Өзбекстан аркылуу Афганистандын Мазари-Шариф станциясына чейин темир жол менен жеткирлет.

https://centralasia.media/news:1805813