20.09.22

2022-жылдын январь-август айларында, Өзбекстандын Түркмөнстан менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 533,5 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7% пайызга өскөн. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин шейшемби күнү жарыяланган отчетунда айтылат.

Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында, Өзбекстан 387 миллион долларга бааланган продукцияны Түркмөнстандан импорттоп алган. Ошол эле учурда, Түркмөнстанга  146,5 миллион долларга товар экспорттогон. Түркмөнстан Өзбекстандын он ири соода өнөктөшүнүн бири болуп саналат.

Өзбекстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү сегиз айда 32,12 миллиард долларды түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,97 миллиард долларга же 27,7% пайызга өскөн.

Бул мезгилде, Өзбекстандын тышкы соодасынын эң чоң көлөмү Кытай мамлекетине туура келет. Кытай менен 6 миллиард доллардан ашык соода жүгүртүү болгон.  Анын ичинен импорт 4,2 миллиард долларды түзсө, экспорт 1,7 миллиард доллардан ашкан.

Өзбекстан аталган мезгил ичинде, соода көлөмү боюнча башка негизги өнөктөштөрү Россия (5,67 миллиард доллардан ашык), Казакстан (2,87 миллиард доллардан ашык), Түркия (2,23 миллиард доллардан ашык), Корея (1,6 миллиард доллардан ашык), Кыргызстан (756,5 миллион доллар) Германия (706,7 миллион доллар), Афганистан (470,5 миллион доллар) жана Индия (434,3 миллион доллар) өлкөлөрү менен тышкы соода жасаган.  

Эскерте кетсек, 2021-жылы Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү 881,9 миллион долларын түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 61% пайызга өскөн.

https://business.com.tm/ru/post/9179/turkmenouzbekskii-tovarooborot-v-yanvareavguste-2022-goda-prevysil-533-mln