CA-NEWS (UZ) - Ташкентте Өзбекстан авто жолдору боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Абдурахмон Абдувалиев менен немис компаниясы, GP PAPENBURG AG башкармалыгынын төрагасы Гюнтер Папенбургдун жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдө Өзбекстандагы жолдорду курууну мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашаарын жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти. Өзбекстанда акы төлөнүүчү жолдорду куруу үчүн алгач мыйзам чыгаруу базасын карап чыгуу керек. “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк” жөнүндөгү мыйзам 2018-жылдын ортосунда чыгарылат.