24.09.22

Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин өкүлдөрү шейшемби күнү, Ташкент шаарында Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиянын (ЭСКАТО) делегациясы менен жолугушту.

Көрүшмө учурунда, “Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран-Индия” транспорт коридорун “Чабахар” портун (Иран) пайдалануу менен өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдө, Өзбекстан жана Индиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүп жаткан көлөмүн тейлөө зарылдыгына байланыштуу, түзүлгөн жаңы транспорттук каттамдын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди. Ошондой эле кыска мөөнөттө эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 1 миллиард долларга жетүүсү пландалууда. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы  билдирди.

Транспорттук коридор ошондой эле жылына товар жүгүртүүнү 3,2 миллиард долларга  жеткирүүгө умтулуп жаткан Индия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда үзгүлтүксүз товар ташып турууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Эскерте кетсек, Ирандын түштүк-чыгышында, Оман булуңунун жээгинде жайгашкан “Чабахар” порту өлкөдөгү жалгыз терең суу порту жана Шахид Калантари жана Шахид Бехешти деп аталган эки өзүнчө порттон турат.

https://business.com.tm/ru/post/9199/obsuzhden-proekt-razvitiya-transportnogo-koridora-uzbekistanturkmenistaniranindiya