27.09.22

Өзбекстан жана Казакстан жакынкы убакта, Эл аралык өнөр жай кооперациясын түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өнөр жай кооперациясын түзүү чечими эки өлкөнүн делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө кабыл алынды. Тараптар мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, Өнөр жай кооперациясынын эл аралык борборунун тышкы жана ички инфраструктурасын куруу боюнча долбоордук-сметалык документтерди, ошондой эле анын ишин жөнгө салуу боюнча тийиштүү өкмөттөр аралык макулдашууну иштеп чыгууну макулдашышты.

Эки өлкө автомобиль өнөр жайы, фосфат жана комплекстүү минералдык жер семирткичтерди чыгаруу, электротехника тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат. Мындан тышкары, фармацевтика жана айыл чарба тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Ошондой эле транспорттук-логистикалык кызматташтыктын перспективалары талкууланып, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарынын санын көбөйөтүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

https://centralasia.media/news:1807308