Шавкат Мирзиеев Ташкент шаарына Афганистан боюнча өтө турган эл аралык конференцияга келген Афганистандын президенти Мухаммад Ашраф Гани менен жолугушту.

Өзбекстандын презденти Шавкат Мирзиеев 26-мартта Кук-Сарой резиденциясында Афганистан боюнча “Тынчтык процесси, аймактык кызматташтык жана коопсуздук боюнча кызматташуу” эл аралык жыйынга катышуу үчүн Ташкентке келген Афганистандын президенти Мухаммад Ашраф Гани менен жолугушту.

Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей жолугушууда мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча суроолорду карашты, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде соода, транспорт жана энергетика, билим берүү жаатындагы программалар, саламаттыкты сактоо жана башка тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу.

Ошондой эле алар күн тартибиндеги аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Мухаммад Ашраф Гани  Шавкат Мирзиеевге биргелешкен өзбек-ооган демилгеси менен Ташкентте өткөрүлүп жаткан Афганистан боюнча эл аралык форумду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн терең ыраазычылын билдирди. Ал ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган тармактар ​​боюнча кызматташтыкты күчөтүү үчүн даяр экендигин белгилей кетти.