31.10.22

Өзбекстандын Фергана облусундагы «Uzsungwoo» биргелешкен ишканасында, Борбордук Азиядагы металлды термалдык жол менен иштетүүчү жалгыз завод ишке киришти. Долбоорду ишке ашырууга 10 миллион доллар акча каражаты коротулган.

Заводдо өндүрүлгөн тетиктер Өзбекстанда өндүрүлүп жаткан «Tracker» жана «Onix» автоунааларынын кээ бир компоненттерин локалдаштырууга мүмкүндүк берет.

Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Завод толугу менен автоматташтырылган, акыркы технологиянын негизинде иштейт жана «Schuler», «Prima Power», «Benteler», «Aotto» сыяктуу алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн металлды кесүүчү, ысык пресстөө жана лазердик кесүү боюнча жабдуулары менен жабдылган.

Жаңы линиянын ишке киришинин натыйжасында 120 жаңы жумушчу орун түзүлүп, ишкананын жылдык өндүрүш көлөмү 95 миллион долларга жетет. Темирди кайра иштетүүчү линиянын өзүнүн кубаттуулугу жылына 19 миллион долларга бааланган 2,4 миллион даана тетиктерди өндүрүүгө жөндөмдүү.

Жаңы технологиялык процесс «Tracker» жана «Onix» маркасындагы унаалары үчүн тетиктердин 20 түрүн локалдаштырууга да мүмкүндүк берет. 2012-жылы түзүлгөндөн бери «Uzsungwoo» компаниясы 60 миллион долларга жакын инвестиция салган. Өзбекстандын автомобиль тармагында күчтүү позицияга ээ болгон ишкана 10 жылдан бери чоң жана орто авто унаалар үчүн штампталган жана ширетилген тетиктердин 300 ашык түрүн чыгарып келет. Компания  900 адистерди иш менен камсыз кылган.

https://centralasia.media/news:1813906