26.11.22

Өзбекстандын Навои облусунун Зарафшан шаарында 25-ноябрда кубаттуулугу жылына 12 миллион чарчы метр айнек чыгарган “Зарафшон ойна” жаңы айнек заводу ачылды. Жаңы ишкананы ишке киргизүү салтанаттуу аземине, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Навои облусу Өзбекстандын өнөр жайлуу аймактарынын бири болуп саналат. Анын аймагында химиялык, энергетикалык, тоо-кен ишканалары, ошондой эле кварц, каолин, мрамор, базальттын кендери бар.

Орто эсеп менен Өзбекстандын курулуш терезе айнегине болгон муктаждыгы жылына 38 миллион чарчы метрди түзөт. Буга Жиззак жана Ферганадагы облустарындагы заводдор республиканын ишканаларын жана курулуштарын айнек менен камсыз кылып келсе, эми аларга Зарафшандагы жаңы айнек заводу дагы кошулду. Заводдун продукциясы жергиликтуу курулуш объектилерине да жеткирилет жана чет өлкөлөргө дагы экспорттолот. Заводдун ачылышы менен 700 адам иш менен камсыз болгон.

Ошондой эле президент Шавкат Мирзиёев Навои облусуна жасаган иш сапарынын алкагында “Гидро Станко сервис” машина куруу ишканасына барды. Мындан тышкары, Газган шаарындагы мрамор жана гранит казып алуу жана кайра иштетүү боюнча “Мармаробод” ишканасынын ишмердүүлүгү менен видеобайланыш аркылуу таанышты.

https://centralasia.news/18212-v-zarafshane-otkrylsja-zavod-po-proizvodstvu-stekla.html