CA-NEWS (TJ) - "Асака" банкы жана "Эсхата Банкы" Тажикстанга Өзбекстандан келген товарларды жана кызматтарды экспорттоону арттыруу үчүн келишимге кол койду,- деп өзбек ЖМКлары билдирди.

Акционердик коммерциялык банк "Асака" жана "Банк Эсхата" Ачык акционердик коому өннөктөштүк тууралуу келишимге кол койду. Бул Макулдашуунун максаты Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда каржылык кызматташтык жөнүндө көрсөтүлгөн келишимдерди мындан ары ишке ашыруу болуп саналат.

Документке 2018-жылдын 9-мартында Өзбекстан Республикасынын Президентинин Тажикстан Республикасына расмий иш сапары алкагында кол коюлган.

Банктар ортосунда кол коюлган келишим, Тажикстанга Өзбекстандан товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна байланыштуу каржылоо бүтүмдөрдү камсыз кылат. Берилген кредит чегинин бир бөлүгү соода-каржы бүтүмдөрдү ишке ашырууга пландаштырылып жатат, ошондой эле, Өзбекстан Республикасынын ар түрдүү тармактардагы товар жана кызмат экспортун арттырууга багытталган.

Бул документ 2017-жылы Өзбекстан менен Тажикстандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы банктар аралык эсептешүүлөр системасын өнүктүрүү үчүн тикелей корреспонденттик мамилелерди түзүү менен башталып, банктардын ортосунда жемиштүү кызматташуунун уландысы болуп саналат.