12.20.22

Өзбекстан жума күнү Түркмөнстан аркылуу өткөн “Орто коридор” деп аталган, Транскаспий эл аралык транспорт жолу (ТМТМ) менен биринчи жолу, Европага контейнердик поезд жөнөттү. Бул тууралуу, дүйшөмбү күнү “Өзбекстан темир жолдору” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Бул жук ташуучу поезд, Өзбекстандын “Алмалык” тоо-металлургиялык комбинатынан жолго чыгып, Болгариянын “Бургас” портуна жез концентраты жүктөлгөн 46 вагон жана 91 даана 20 футтук контейнерлерди жеткирет.

Контейнердик поезд “Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Болгария-Европа” багыты боюнча 4000 чакырымдан ашык узундуктагы жолду басып өтмөкчү.

Маалыматка ылайык, жогорудагы маршрут менен товар ташууну “Өзбекстан Темир Жоллари” ишканасы өнөктөштөрү Түркмөнстандын Транспорттук-логистикалык борбору (TУЛМ), Азербайжандын “ADY Container” ишканасы жана Грузияга тиешелүү “GR Logistics and Terminals” компаниялары менен биргеликте уюштурган.

Эскерте кетсек, Транскаспий эл аралык (Орто коридор) транспорт маршруту, Борбор Азиядан Европага товар жеткирүү үчүн түзүлгөн. Ал Кытай-Казакстан чек арасынан башталып Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Грузия, Түркия аркылуу жана андан ары Европага өтөт. Бул маршрут менен товар ташууда транспорт катары темир жол жана деңиз жолдору колдонулат. Маршруттун жалпы узундугу 11 миң километрди түзөт. Орто коридор 2017-жылы ишке берилген.

https://business.com.tm/ru/post/9593/pervyi-konteinernyi-poezd-uzbekistanevropa-proshel-cherez-turkmenistan