12.21.22

Ташкент шаарында, Өзбекстан жана Казакстандын ишкерлеринин “Бизнес-форуму” өтүүдө. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаев билдирди.

Жамшид Ходжаев: “Ушундай туруксуз мезгилде өз ара ишенимге жана сыйлоого гана эмес, бекем достукка негизделген кызматташтык маанилүү болуп турат”, - деп баштады өзүнүн билдирүүсүн.

Анын айтымында, акыркы жылдары Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү эки эседен ашык өсүп, 2022-жылдын аягына чейин соода жүгүртүү 5 миллиард долларга жакындайт.

Жамшид Ходжаев: “Биз товар жүгүртүүнү 10 миллиард долларга жеткирүү милдетин койдук. Бул максатты ишке ашыруу үчүн жакынкы аралыкта биргелешкен тышкы соода компаниясы түзүлөт”, - деп белгилеп өттү.

Ал ошондой эле Өзбекстанда, Казакстандын капиталынын катышуусу менен 1,200  жакын ишкана иштеп жатканын эске салды. Жамшид Ходжаев:  “Беш жыл мурун бул көрсөткүч дээрлик 6 эсе аз болчу. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле 130 биргелешкен ишкана түзүлдү”, - деп билдирди.

Ал ошондой эле Өзбекстан менен Казакстан жогорку технологиялык өндүрүштөрдү түзүү жана биргелешип өнүктүрүү боюнча кооперациясын түзүү жана эки өлкөнүн күч-аракеттерин бириктирүү абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Буга байланыштуу 22-декабрь күнү, Казакстан менен биргеликте өнөр жай кооперациясынын эл аралык борборун түзүү боюнча келишимге кол коюулуусу күтүлүүдө.

Жамшид Ходжаев:  “Автоунаа өнөр жайы, электроника жана электротехника, энергетика, фармацевтика, химия жана текстиль өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү, Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бир гана бөлүгү”, - деп сөзүн жыйынтыктады.

https://centralasia.media/news:1839014