22.12.22

Транспорттук-логистикалык борбордун курулуштун баштоо аземине 22-декабрь күнү, Ташкент шаарында президенттер Касым Жоомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев катышышты.

Бир күн мурун, Казакстандын “РТС Холдинг” жана “Халык банк”, ошондой эле Ташкент облусунун акимиаты, “Uzbek Vuono Capital” жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) жалпы баасы 300 миллион долларга бааланган логистикалык борбор куруу боюнча меморандумга кол коюшкан.

Долбоордун биринчи этабын 2023–2026-жылдары ишке ашыруу пландалууда. Аны ишке ашыруунун алкагында 24 километрге жакын темир жолу, 2,400 контейнер баткан сактоочу жай, аянты 22,000 чарчы метрден ашык “А” классындагы кампа жана башка тиешелүү инженердик инфраструктураларды куруу пландаштырылууда.

Кол коюлган меморандумга ылайык, Казакстандык “Халык банк” долбоор үчүн болжол менен 70 миллион долларга барабар сумманы каржылоого даяр.

Жалпысынан долбоор темир жол инфраструктурасын курууну, анын ичинде темир жол (узундугу 37,2 км), 11,000 ашык контейнерди бир убакта сактоого мүмкүнчүлүгү бар контейнер аянтчаларын, жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү үчүн А, А+ классындагы заманбап кампа комплекстерин курууну, ар кандай жүктөрдү сактоо жана кайра иштетүүчү, анын ичинде жалпы аянты 248,000 чарчы метр болгон белгилүү бир температураны  кармап турууга жөндөмдүү кампалар курулат. Жалпы инвестициянын көлөмү болжол менен 300 миллион долларды түзөт.

https://tengrinews.kz/kazakhstan_news/kazahstan-postroit-tashkentom-transportno-logisticheskiy-486760/