26.12.22

Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри  Жамшид Ходжаев 24-декабрь күнү,  Бакуга болгон иш сапарынын алкагында, Азербайжандын Вице-премьер-министри Шахин Мустафаев менен жолугушту.

Тараптар учурдагы абалды жана эки тараптуу соода байланыштарын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода  министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар жакынкы 5 жылдын ичинде, өз ара сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Буга чейин эки өлкөнүн ортосунда, бир катар конкреттүү практикалык иш чаралар макулдашылган болучу.

Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын катарына, тараптар эки мамлекеттин аймактарынын ортосундагы түз байланыштарды чыңдоо керек экендигин белгилешти.

Бул багытта алар келерки жылдын башында, Ташкентте келечектүү инвестициялык долбоорлордун “роуд-шоу” уюштуруу менен ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынын жана республикалардын аймактарынын биринчи форумун өткөрүүнү макулдашышты.

Мындан тышкары, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү боюнча практикалык кадамдар талкууланды. Атап айтканда, биргелешкен жибек жана текстиль кластерлерин түзүү, машина куруу, химия, нефтехимия жана зергерчилик өнөр жайы, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

https://centralasia.news/18678-v-tashkente-sostoitsja-pervyj-forum-regionov-uzbekistana-i-azerbajdzhana.html