28.12.22

Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжан автоунаа өнөр жайын бириктирүү  чечимине келишти. “Түрк автоунаа өнөр жайы” деп аталган жаңы бирикмени Өзбекстанга таандык “UzAuto Motors” компаниясы жетектейт. Аталган компания Казакстанда “Chevrolet Onix” маркасындагы автомобилдерин өндүрүү боюнча келишимге кол коюшкан. Ошондой эле кийинчерээк, Азербайжанда дагы Өзбекстанга таандык маркадагы автоунааларды өндүрүү  иштери башталмакчы.

 “UzAuto Motors” компаниясынын өкүлүнүн айтымында, жаңы бирикме Евразия континентинде автомобиль өндүрүшүн өнүктүрүүгө, ошондой эле калкы 65 миллиондон ашык болгон рынокту бириктирүүгө жардам берет.

570 миллион долларга бааланган долбоорлор

Өзбекстандын “UzAuto Motors” компаниясы, Казакстандын “Allur” компаниясы жана Казакстандын “Өнүктүрүү” банкы менен биргеликте жалпы суммасы 570 миллион долларга жакын бир нече долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишим түздү.

Кызматташтыктын алкагында, Казакстандагы “Allur” заводуна “Chevrolet Onix” маркасындагы унааларды чогултуу иштери башталат.

Жыл сайын ишкана 30 миңге чейин автоунаа чыгарат деп күтүлүүдө. Алгачкы автоунаалар келерки жылдын жазында конвейерден чыгуусу күтүлүүдө.

Запастык тетиктерди бөлүштүрүү борбору

Өзбекстандык “UzAuto Motors” компаниясы ошондой эле казакстандык өнөктөштөрү менен келишим түзүштү. Анын алкагында, Өзбекстанда Казакстандын рыногу үчүн автоунаалардын тетиктерин бөлүштүрүү борбору түзүлөт.

Мындан тышкары, аталган бирикме Азербайжандын “Азермаш” заводунда, Өзбекстанга таандык маркадагы унааларды чогултууну уюштурууну пландаштырууда.

 

https://www.tazabek.kg/news:1842193/?from=portal&place=nowread&b=2