29.12.22

Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинде 28-ноябрда өткөн жыйындын жыйынтыгында, жооптуу кызматкерлерге, Өзбекстан-Түркмөнстан чек ара соода аймагын ишке киргизүүнү тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.

Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаев төрагалык кылган жыйында, Хорезм облусунун Шават районунда эки өлкөнүн чек ара соода аймагын түзүү боюнча иштин жүрүшү талкууланды. Жыйынга тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун, тармактык бирикмелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын октябрь айында, Өзбекстандын президентинин Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында кол коюлган “Өзбекстан-Түркмөнстан чек ара соода аймагында соода борборун” түзүү боюнча, кол коюлган протоколдогу милдеттерди аткаруунун жүрүшүн кеңири талдап чыгышты.

Жолугушуунун катышуучулары, соода борборунун ишин координациялоо, салыктык тескөө, бажы жана чек ара көзөмөлү тармагында жеңилдиктерди жана преференцияларды колдонуу боюнча түркмөн тарап менен өз ара аракеттенүү аспектилерин талкуулашты. Тараптар долбоорду ишке ашырууда пайда болгон маселелер боюнча ырааттуу жана натыйжалуу биргелешкен иштин маанилүүлүгүн белгилешти.

Жыйындын соңунда, катышуучулар коңшу мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн соода борборун тез арада ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн жана келечегин белгилешти, ага байланыштуу долбоорду ишке ашырууну тездетүү боюнча кошумча милдеттер коюлду.

Эскерте кетсек, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев октябрь айында, эки өлкөнүн чек ара соода аймагынын пайдубалын түптөө аземине катышышкан болучу.

https://business.com.tm/ru/post/9636/uzbekistan-nameren-uskorit-zapusk-zony-prigranichnoi-torgovli-s-turkmenistanom