10.01.23

Өзбекстандын Навои облусунун Зарафшан шаарында шамал электр станциясын куруу долбоору PFI (Project Finance International) уюмунун тарабынан  Борбордук Азиядагы жылдын мыкты келишими деп табылды. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода  министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарына таандык “Masdar” компаниясынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык келишимге ылайык ишке ашырылат. Келечектеги электр станциясынын кубаттуулугу 500 (МВт) болуп, долбоорго 600 миллион доллар өлчөмүндө чет элдик түз инвестиция салынат.

Электр станциясы ишке киргизилгенден кийин жылына 1,6 миллиард киловатт-саатка чейин энергия иштеп чыгарат жана электр энергиясын иштеп чыгарууга жумшалуучу 545 миллион кубометрге жакын газды үнөмдөп калат.

Аталган шамал станциясынын курулушу 2026-жылга чейин Өзбекстандын жашыл  энергиянын үлүшүн 25 пайызга жеткирүү долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Эскерте кетсек PFI (Project Finance International) сыйлыктары долбоорлорду каржылоо жаатындагы эң абройлуу сыйлыктардын бири болуп эсептелет. Жыл сайын Европадагы, Азиядагы, Африкадагы, Жакынкы Чыгыштагы жана Америкада ишке ашырылып жаткан эң мыкты долбоорлорго ыйгарылат.

https://centralasia.news/18914-proekt-po-stroitelstvu-vetrjanoj-jelektrostancii-v-zarafshane-priznan-sdelkoj-veka.html