12.01.23

Өзбекстан Кыргызстандагы өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууну тездетүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында аталган министрликтин жетекчиси Лазиза Кудратов жана Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен биргеликте кабыл алышты. Алардын онлайн форматтагы жолугушуусу  11-январь күнү болуп өттү.

Талкуунун жүрүшүндө, бир катар артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну мындан ары активдештирүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Атап айтканда, Кыргызстандагы “Камбар-Ата ГЭС-1” жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорлорун ишке ашырууну тездетүү боюнча макулдашууга жетишилди.

 Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин басма сөз кызматы: “Ошондой эле Кыргызстанда автоунааларды жана коммерциялык унааларды чыгаруу, Жалал-Абад облусунда жип ийруучу ишкананы ишке киргизүү, “АСКУЭ электр энергиясын эсепке алуу системасын ишке киргизүү жана өндүрүү, мындан тышкары кальций карбидин өндүрүү боюнча ишке ашырууга пландалган долбоорлорду талкуулашты”-деп билдирди.

Мындан тышкары, министрлер 2023-жылга пландаштырылган эки тараптуу иш-чараларга эң жогорку деңгээлдеги даярдыктарды көрүү, ошондой эле ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде “Өзбекстан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду аркылуу иштелип чыккан долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

https://kabar.kg/news/uzbekistan-nameren-uskorit-realizatciiu-proektov-v-kyrgyzstane/