13.01.23

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр, учурда биргелешкен инвестициялык фонддун түзүү маселесинин үстүндө жигердүү иштеп жатышат. 2023-жылдын 10-11-январь күндөрү, Стамбул шаарында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын эксперттери, тиешелүү макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу боюнча кезектеги жыйыны болуп өттү.

Маалымат үчүн: “Түрк инвестициялык фонду” Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөр тарабынан түзүлгөн биринчи жана негизги биргелешкен каржы мекемеси болуп калат. Ошондой эле Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн экономикалык потенциалын алардын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыгын чыңдоо үчүн мобилизациялоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырмакчы.

Фонддун артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат: ишкердикке көмөктөшүү, жумушчу орундарды түзүү, илимий-изилдөө жана инновациялар, мүчө мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу.

Жолугушуунун жыйынтыгында, баардык мүчө өлкөлөрдүн ар бири өздөрүнүн ички жоболоруна ылайык документтин долбоорун макулдашууну тез арада аяктоо боюнча макулдашууга жетишүүсү. Мындан тышкары, пландаштырылган биргелешкен иш-чаралардын алкагында, мүмкүн болушунча тез арада фондду түзүү боюнча тиешелүү келишимге кол коюу ниетин билдиришти.

Эскерте кетсек, 2023-жылга карата аталган инвестициялык фондду түзүү пландалган.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/74841