12.01.23

Агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында, Түркмөнстандын Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин өкүлдөрүнөн турган делегация иш сапары менен Өзбекстанда болушту.

Бир жумага созулган иш сапары учурунда (7-14-январь) Түркмөнстандан келген меймандар, Өзбекстанда иштелип чыккан пахтанын сапаттуу жаңы сортторунун түрлөрү менен  таанышып, аны Түркмөнстанда өстүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн дагы караштырышмакчы.

Мындан тышкары, Түркмөнстандык делегация багбанчылык боюнча тажрыйба алмашып, картошканын үрөнүн өстүрүү жаатында кызматташууну башташоо алдында турушат.

Ошол эле учурда, Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин алдындагы “Үрөнчүлүктү өнүктүрүү” борборунун директору Шухрат Мамажонов, Түркмөнстан делегациясынын өкүлдөрүн  республикада үрөнчүлүк тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырды. Бухара облусунда өстүрүлгөн пахтанын жогорку түшүмдүү, эрте бышуучу  сортторунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Бул жаңы сорттор “Бухара Агрокластер” бирикмеси тарабынан түзүлгөн топуракты изилдөө  лабораториясында ойлонуп табылган.

Мындан тышкары, делегация Италиядан алынып келинген заманбап технологиялар менен  сүттү кайра иштетүүчү ишканада болуп, анда өндүрүлгөн  продукциялар  менен таанышып чыгышты.

Делегациянын өкүлдөрү ошондой эле Бухара, Сурхандарья, Самарканд жана Ташкент облустарында жайгашкан пахта жана картошканын үрөнүн өндүрүүчү ишканалары жана пахта текстиль ишканаларында  болушту. 

https://www.uzdaily.uz/ru/post/74806