13.01.23

Түркиянын президентине караштуу адам ресурстарын башкаруу аппаратынын кызматкерлеринен турган делегациясы 2-январь күнү Өзбекстанда иш сапары менен болушту. Түркиядан келген делегациянын курамына Президенттик башкаруу аппаратынын окутуу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Волкан Назли жана Башкаруу кызматтары бөлүмүнүн долбоорлор боюнча координатору Анил Гюнел жетектеп келишти. Коноктор Өзбекстандын IT-паркынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Өзбекстандын IT-паркынын директорунун эл аралык иштер боюнча орун басары Амалия Эргашева, Билим берүү долбоорлору башкармалыгынын башчысы Шахзод Нарзуллаев жана Эл аралык рейтингдик уюмдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Дилшод Саитов уюмдун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, конокторду IT-технологиялар менен тааныштырышты. Акыркы 4 жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы жана IT-парктын 2023-жылга карата пландары тууралуу айтып беришти.

Жолугушууда Түркиянын президентинин аппаратынын адам ресурстары боюнча башкармалыгы IT-билим берүүнү жакшыртууну жогорулатуу үчүн алдыңкы технологиялар боюнча заманбап тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Белгилей кетсек, Түркияда 100 жакын технопарктар, анын ичинде илимий жайлары бар, аларда 80 миңге жакын адис иштейт.

Түркия тараптын өкүлдөрү IT билим берүүнү өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, түрк жарандарына түрдүү адистиктер боюнча курстарды жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздаган “e-insan” долбоору тууралуу айтып беришти.

Өз кезегинде конокторго “One Million Uzbek Coders” жана жакында ишке киргизилген “IT Park University” программасы жөнүндө маалымат беришти.

Көрүшмө учурунда Өзбекстанда “Электрондук өкмөт” системасын өнүктүрүү маселеси дагы талкууланды. Коноктор Өзбекстандын бул жаатта өсүп өнүгүү бар экендигин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар IT-билим берүү жаатында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү уланта тургандыктарын макулдашышты. Өзбекстан тарап, Түркиянын экспортко багытталган IT компанияларына, Өзбекстандын рыногуна чыгууда колдоо көрсөтүүгө жана IT адистерин Түркиянын компанияларында иштөө үчүн бирге окутууга даяр экендигин билдиришти.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/74822