25.01.23

Өзбекстандан “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз порту аркылуу транзит менен Азербайжанга жүздөн ашык көлөмү 40 футтук контейнерге салынган автоунаа тетиктерин жөнөттү.

Автоунаа тетиктери жүктөлгөн контейнерлер, Азербайжандын “Азермаш” компаниясына жиберилгендигин, Түркмөнстандын Деңиз жана дарыя транспорту агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Автоунаа өндүрүшүндө колдонулган тетиктер “Узавт Моторс” компаниясында өндүрүлүп, аны жеткирүү иштери Түркмөнстанга тиешелүү “Түркмөнстандын транспорттук-логистикалык борбору” компаниясы тарабынан ишке ашырылган.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын январь айынан тарта Түркмөнстандын “Морской торговый флот” жабык акционердик коомуна тиешелүү “Балкан” кемеси “Түркмөнбашы-Баку-Түркмөнбашы” багыты боюнча контейнердик товар ташуу үчүн пайдаланыла баштаган.

https://turkmenportal.com/blog/57114/uzbekistan-postavil-krupnuyu-partiyu-avtozapchastei-v-azerbaidzhan-cherez-morskoi-port-turkmenbashi