30.01.23

Өзбекстандын “UzAuto Motors” компаниясы 2022-жылы 101,617 даана автоунаа өндүргөн. Чыгарылган автоунаалардын 64,427 даанасы  өлкө ичинде сатылган. Анын ичинде “Chevrolet Cobalt” маркасындагы автоунаасы дагы бар.

Автоунаалардын басымдуу бөлүгү Казакстанга жөнөтүлгөн. Казакстанда “Chevrolet Cobalt” маркасындагы автоунаасы, бир нече жылдан бери эң көп сатылган  унаа болуп эсептелинет.

“UzAuto Motors” компаниясынын маалыматы боюнча, Казакстанга жыл ичинде  34,288 унаа экспорттолгон.

“UzAuto Motors” компаниясы,  Казакстанда аталган автоунаалардын тектиктерин жеринде өндүрүү менен Казакстанга болгон экспорттун көлөмүн эки эсеге көбөйтүүнү пландаштырууда.

Жалпысынан “UzAuto Motors” компаниясы 2022-жылы 306,754 даана автоунаа чыгарган. Ошондой эле аталган компания дагы 20, 886 адистештирилген унааларды өндүргөн. Аларга пикаптар, тез жардам унаалары жана башка түрдөгү автоунаалар кирет.

2022-жылы Өзбекстанда жалпысынан 282,898 автоунаа сатылган: Кобальт – 64,427, Гентра – 78,440, Дамас – 73,846, Лабо – 19,080.

https://www.autostrada.uz/potomu-chto-nuzhna-valjuta/