06.02.23

Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов менен Түркиянын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Олган Бекар менен 6-февраль күну жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун башында, Илхом Махкамов Түркиядагы табигый кырсыкка байланыштуу элчиге терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Көрүшмө учурунда, тараптар товар жана жүргүнчү ташуунун көлөмүн көбөйтүү, транспорт тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө аркылуу, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Түркиянын элчиси Олган Бекар өлкөлөр ортосундагы транспорт тармагындагы кызматташтыктын деңгээлин жогору баалады. Тараптар бүгүнкү күндө, Өзбекстан менен Түркиянын шаарларынын ортосунда жумасына 56 үзгүлтүксүз аба каттамдары ишке ашырылып жатканын, жүк ташуу тармагында уруксат кагаздарын электрондук алмаштыруу системасы ишке киргизилгендигин баса белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар транспорттун бардык түрлөрү менен жүк жана жүргүнчү ташуу көлөмүн көбөйтүү, эки өлкөнүн ар кайсы аймактарына ички жана чет элдик туристтердин баруусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн авиация тармагынын жетекчилеринин кезектеги жолугушуусун уюштуруу жана жаңы альтернативдүү транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.

Көрүшмөнүн соңунда, тараптар кызматташуунун каралган багыттарынын алкагында келечекте ишке ашырыла турган милдеттерди аныкташты.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/75345