08.02.23

Өзбекстандын Айыл чарба министри Азиз Воитов Ташкент облусунун акимчилигинин өкүлдөрү менен биргеликте 8-февраль күнү, Венгриянын “Bonofarm Group” компаниясынын аткаруучу директору Аттила Чани  баштаган делегациясына канаттуулар фабрикасын куруу үчүн жер тилкелерин көргөзүштү.

Буга чейин, Венгриялык делегация Ташкент облусундагы иштеп жаткан канаттуулар фабрикаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышкан болучу.

Өз кезегинде, “Bonofarm” компаниясынын өкүлдөрү сунушталып жаткан жер тилкелеринин потенциалын жогору баалап, 400 миллион доллар акча каражатына, канаттуулар фабрикасын курууну пландаштырып жатышкандыгын билдиришти.

Канаттуулар фабриканын курамына касапкана (25 гектар аянттка), тоют даярдоочу цех (10 гектар аянттка),  инкубациялык ферма (5 гектар аянттка),  жана тоок өстүрүү фермасы (10 гектар аянттка),  кирет. Долбоор боюнча жыл сайын 25 миллион даана жумуртка өндүрүү, этке союу үчүн 20 миллион тоок жана жумуртка алуу үчүн 110 миң тоок өстүрүү жана 80 миң тонна тоют өндүрүү пландалган.

Венгриялык делегациянын жетекчиси Аттила Чани: “Биз Өзбекстандагы чоң келечеги бар долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдарбыз. Ташкентке жана Ташкент облусуна болгон иш сапарыбыз учурунда, биз бардык керектүү маалыматтарды алдык. Курулуш үчүн жер тилкелерин көрдүк. Иштеп жаткан канаттуулар фабрикаларынын иши менен тааныштык. Өзбекстан тараптын биз менен биргеликте иштешүүгө болгон каалоосу жогору экендигин байкадык. Биздин бардык жолугушууларыбыз жана сүйлөшүүлөрүбүз келечеке пландаштырылган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жакшы негиз болуп калды деп ойлойм”- деп белгилеп өттү.

Мындан тышкары, Венгриянын делегациясы жана Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү “Cruchon winery” Туризм жана вино өндүрүү борборунун ишмердүүлүгү менен таашууга барышты.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/75419