08.02.23

Ташкент шаарында энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) ишке киргизүүгө 1 миллиард доллар бөлүү пландалып жатканын, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарынын тургундарынын катышуусунда өткөн жыйында, борбор шаардын электр энергиясына жана газга болгон суроо-талабы жогорулап жатканын белгиледи. Президент Ташкент шаарынын энергетика тармагындагы көйгөйлөрүн чечүү үчүн атайын эсептөөлөр жүргүзүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте жаратылыштан (күндөн, шамалдан) алынуучу кайра жаралуучу энергиянын (ЭКБ) потенциалын пайдалануу болуп эсептелет. Өзбекстандын башчысы борбор калаада жалпы кубаттуулугу 2000 (МВт) болгон күн батареяларын орнотууга болорун белгиледи.

Эсептөөлөргө ылайык, күн батареяларын ишке киргизүүнүн аркасында, 2023-жылы 240 миллион кВт/с көлөмүндө энергияга болгон муктаждыкты камсыздап андан сырткары дагы кошумча 4 эсе ашыкча  1,08 миллиард кВт/саат болгон энергия өндүрүлөт.

Президент өнөр жай аймактарында, ири ишканаларда, социалдык объектилерге жана мамлекеттик имараттарга күн батареяларын орнотуу аркылуу 475 миллион  кВт/саат энергия өндүрүү пландалып жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда, Ташкент облусуна караштуу Юкоричирчик районунда кубаттуулугу 500 (МВт) болгон ири күн электр станциясы курулат.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2023-жылдан тарта ишканалар өндүргөн энергияны жана 2024-жылдан баштап калк өндүргөн электр энергиясын мамлекетке сатып алуу кепилдиги берилерин билдирди.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/75414