05.10.23

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Казан шаарында, Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолугуп, тараптар ортосундагы кызматташтыктын абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашты. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Мирзиёев акыркы жылдардагы эки тараптуу карым-катнаштардын жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдирип, тараптардын ортосундагы соода жана инвестициянын көлөмү акырындык менен өсүп, көптөгөн биргелешкен инвестициялык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылганын билдирди.

Шавкат Мирзиёев менен Минниханов Казанда өткөн “Өзбекстан-Росссия 3-Аймактар ​​аралык кызматташтык форумунун” жыйынтыгынын канааттандырарлык болгонун белгилешип, бул кызматташтыктарды улантуу жана өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Жолугушууда Мирзиёев менен Минниханов келечекте металлургия, коммуникация, турак-жай жана социалдык тармактарда кызматташуу долбоорлорун ишке ашыруу, билим берүү, туризм жана жаштар саясатында кызматташууну кеңейтүү, Өзбекстанда орус технопарктарын түзүү боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, жалпы жол карталарынын негизинде маанилүү маселелер боюнча конструктивдүү кызматташуу, өнөктөштүк долбоорлорду ишке ашыруу  макулдашылды.

 

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/ozbekistan-cumhurbaskani-mirziyoyev-tataristan-cumhuriyeti-reisi-minnihanovla/651f0ef99f5c0e0a61a84ead