18.10.23

Өзбекстандын Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министрлигинин алдындагы Туризм комитети,  “Өзбекстан темир жолдору” ишканасы, ошондой эле италиялык “Arsenale” компаниясы люкс тибиндеги ыңгайлуу туристтик поездди ишке киргизүү боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюшту.

Документке Самаркандда өтүп жаткан ЮНВТО Башкы ассамблеясынын 25-сессиясынын алкагында кол коюлган. Бул тууралуу “Gazeta.uz” маалымат кызматы билдирди.

Тараптар 2026-жылдын соңунан тарта “Ташкент – Самарканд – Бухара – Хива” багыты боюнча туристтик поезд ишке кирет деп күтүшүүдө.

Люкс поезди 66 жүргүнчүнү тейлөөгө ылайыкталган 38 купеси бар 13 вагондон турат. Компаниянын өкүлдөрү поездди заманбап жабдыктар менен жабдып, вагондордогу тейлөөнүн сапаты жана ички жасалгасы италиялык стилде боло тургандыгын баса белгилешти.

“Өзбекстан темир жолдору” ишканасынын жетекчисинин орун басары Хикматулла Рахметов: “Туризмдин келечеги катары темир жол круиздерин ачуу концепциясы биздин инновацияга жана туруктуу өнүгүүгө болгон каалообузга толук дал келет”, - деп белгилеп өттү.

Чет элдик саякатчылардын көңүлүн бурууну максат кылган кымбат баалуу люкс поезд долбоору, Өзбекстандын  Инвестиция, өнөр жай жана соода министрлигинин көзөмөлүндө ишке ашырылат.

https://www.gazeta.uz/ru/2023/10/18/train-cruise/