14.11.23

Түркиялык “Cengiz Enerji San. ve Tic A.Ş.” компаниясы, Өзбекстандын Жиззак облусунда кубаттуулугу 550 (МВт) болгон электр станциясын курат.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 8-ноябрда “Жиззак облусунда 550 (МВт) кубаттуулуктагы электр станциясын куруу” жана “Инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Түркиялык “Cengiz Energy San. ve Tic A.Ş.” компаниясы долбоордун инвестору болуп саналат. Ал эми “Cenergo” долбоордук компания болуп саналат.

2023-жылдын август айында, объектинин кубаттуулугу 500 (МВт) болоору кабарланган. Президенттин жарлыгында ТЭЦтин кубаттуулугу 550 (МВт) болот деп жазылган.

Документте бул долбоорго салына турган түз инвестициянын көлөмү 500 миллион доллардан ашары белгиленген. Жаңы электр станциясы 2025-жылы ишке киргизилет. Станция жылына 4 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгарат. Ошондой эле бул объектинин ишке кириши 700 миллион кубометр газды үнөмдөйт. Электр станция Жиззак облусунун Шараф-Рашидов районунда курулат. Долбоорго 9,54 гектар жер тилкеси бөлүнөт.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/81253