19.12.23

Стамбул шаарында Өзбекстандын Башкы консулдугунун дипломаттары, Түркиянын “Ronessans Holding” компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Бүлент Тузчу жана холдингдин жооптуу өкүлү Мурад Бекчанов менен жолугушту. Бул тууралуу,  “Дүние” маалымат агенттиги билдирди.

Жыйында “Ronessans Holding” компаниясы учурда, Өзбекстанда 2 миллиард доллардан ашык суммага ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып жатканы айтылды.

Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин италиялык “Даниели” компаниясы менен биргеликте, Ташкент облусунун Бекабад шаарында жезди байытуу комплексин бүткөрүп ишке киргизүү пландалууда.

Ошол эле учурда, түркиялык компаниянын өкүлдөрү 20 жылдан ашык убакыттан бери, Россиядагы жана Түркиядагы филиалдарында, Өзбекстандан келген адистерди курулуш иштерине тартып келе жатканын жана алардын аткарган иштери сапаттуу жана мыкты деңгээлде экенин баса белгилешти.

Мындан тышкары “Ronessans Holding” компаниясы, Бекабад шаарында курулушчуларды даярдаган окуу жайды ачуунун үстүндө иштеп жатат.

Өз кезегинде, бул даяр адистер компаниянын Мерсин, Адана, Газиантеп, Стамбул Санжактепедеги 3 миллиард евролук курулуш долбоорлорунда, ооруканаларды курууда, Хатай жана Малатия жолдорун жана туннелдерди курууда жана башка көптөгөн курулуш долбоорлоруна жумушка алынат. Көрүшмө учурунда, тараптар мындан ары дагы кызматташууну чыңдоо боюнча макулдашууга жетишилди.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/82159