26.12.23

Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өлкөдөгү электр, химия жана фармацевтика өнөр жайын өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өттү.

Мамлекет башчысы бул тармактарда 24 жаңы долбоор ишке киргенин, алардын жалпы баасы 12,7 миллиард долларды түзөрүн билдирди. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы беш жылдыкта, республиканын өнөр жайындагы ийгиликтер өлкөдө жүргүзүлүп жаткан структуралык кайра түзүүлөрдү көрсөтүп турат. Натыйжада химия, фармацевтика жана электр тармактарында өндүрүштү 2,6 эсеге көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан тышкары, жаңы продукцияларды чыгарууда олуттуу жылыштар болуп, Өзбекстандын продукциясынын экспорту 1,6 миллиард долларды түздү. Учурда, ички рынокто ата мекендик продукциянын үлүшү электр техникаларында 50% пайыз, химиялык өнөр жайында 40% пайыз жана фармацевтикада 18% пайызды түзөт.

https://centralasia.news/25922-uzbekistan-sobiraetsja-zapustit-24-proekta-s-obschim-bjudzhetom-127-mlrd-dollarov.html