27.12.23

Стамбул шаарында “Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия” мультимодалдык транспорт коридоруна тиешеси бар мамлекеттердин темир жол администрацияларынын биринчи жыйыны болуп өттү. Көрүшмөдө транспорттук каттамды өнүктүрүүгө байланышкан маанилүү маселелер талкууланды. Бул тууралуу, “Өзбекстан темир жолдору” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Талкуунун негизги маселеси, темир жолго атаандаштыкка жарамдуу тарифтерди киргизүү жана каттамдагы кыймылдын көлөмүн көбөйтүү болду. Тараптар бул каттам боюнча товар ташуулардын жеткиликтүү  атаандаштыкка жөндөмдүү тарифин белгилөө, жүктөрдү ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет деген тыянакка келишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө, катышуучу өлкөлөрдүн темир жол тармагынын жетекчилеринин ортосунда тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул документ, транспорт коридорун өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп эсептелет. Себеби, аталган келишим бардык тараптардын кызматташууга макулдугун жана бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди бириктирет.

https://www.newscentralasia.net/2023/12/27/v-stambule-sostoyalas-vstrecha-po-razvitiyu-multimodalnogo-transportnogo-koridora-uzbekistan-turkmenistan-iran-turtsiya/