23.04.24

“BYD Uzbekistan Factory” компаниясы 2027-жылга чейин 500 миң электр жана гибриддик унаа өндүрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу, Ташкентте өткөн “Иннапром. Борбордук Азия” көргөзмөсүндө “BYD Uzbekistan Factory” компаниясынын директорунун орун басары Диёр Мухамедов билдирди.

2023-жылдын сентябрында кытайлык “BYD” компаниясы Өзбекстанда электр жана гибриддик унааларды чыгаруучу ишкана түзүүнү пландап жатканы белгилүү болгон.

Диёр Мухамедов: “Үстүбүздөгү жылдын июнь айында өндүрүштү баштоону пландап жатабыз. Быйыл 10 миң даана, эмдиги жылы 50 миң автомобиль чыгарууну пландап жатабыз”, - деп белгилеп өттү.

Анын айтымында, 2026-2027-жылдары компания жылына 500 миңге чейин унаа чыгарууну көздөп жатат. Ал ошондой эле мындай максатка иштеп жаткан өндүрүштү модернизациялоо же жаңы завод куруу аркылуу жетише тургандыктарын билдирди.

Өзбекстандын өкмөтү менен инвестордун ортосунда 2023-жылдын сентябрь айында, долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлган. “BYD” бренди 2023-жылдын башынан бери Өзбекстанда расмий түрдө таанылып келет.

Завод “Жиззак” эркин экономикалык аймагынын аймагында жайгашат. Биринчи этапта заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу 50 миң даана автомобилди түзөт. Үч машина моделин “BYD Chazor” жана “BYD Song Plus”, “Dm-1” моделин майда түйүндүү жыйноо  ыкмасы менен чыгаруу пландаштырылууда.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/85347