10.05.24

Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Даврон Вахабов Түркияга  болгон иш сапарынын алкагында 8-май күнү  аталган өлкөнүн Соода-өнөр жай жана биржалар палатасынын (TOBB) төрагасы Мустафа Рифат Хисарчиклиоглу менен жолугушту.

Жолугушууда, Өзбекстан жана Түркиянын ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүү жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны кеңейтүү перспективалары талкууланды.

Тараптар үстүбүздөгү жылы Стратегиялык кызматташтык кеңешинин үчүнчү жыйынына чейин “Өзбекстан-Түркия” бизнес форумун жана ишкерлер кеңешинин жыйынын өткөрүүнү макулдашты.

Ошондой эле эки өлкө булгаары-бут кийим, эмерек, курулуш, фармацевтика, зергерчилик жана айнек өндүрүшү сыяктуу маанилүү алты багыт боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү иш чараларды белгилешти.

Жыйындын соңунда, Түркиянын ири компаниялары үстүбүздөгү жылдын 21-майынан 23-майына чейин, Ташкент шаарында өтө турган “Uzcharmexpo-Eurasia 2024” эл аралык булгаары, бут кийим, булгаарыдан жасалган буюмдар, жүн жана мех көргөзмөсүнө катышууга чакырылды.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/85826