13.05.24

Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов Астанада Казакстандын Транспорт министри Марат Карабев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кызматташуунун жана эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, анын ичинде темир жол жана автоунаа транспортун, ошондой эле транспорттук инфраструктураны куруу жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Тактап айтканда, “Өзбекстан-Афгнистан -Пакистан” темир жолун жана “Беларусь-Россия-Казакстан-Өзбекстан-Афганистан-Пакистан” мультимодалдык транспорт коридорун куруу аркылуу жүк ташууну тездетүү, ошондой эле жүк документтерин санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Казакстан тарап Өзбекстандын “Термез-Мазари Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолун куруу демилгесин колдоду. Казакстандын Транспорт министри Марат Карабаев белгилегендей, бул долбоорду ишке ашыруу Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн аймактык байланышты жана сооданы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Заманбап санариптик технологияларды колдонууда автоунаа транспорту менен эл аралык жүк ташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Тараптар жүк ташуу процессин тездетүү үчүн “E-permit”  системасынын ишке киргизилишине канааттангандыгын билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында, эки өлкөнүн ортосундагы 2024-2025-жылдарга транспорт жана логистика тармагындагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча “Жол картасына” кол коюлду.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/85874