14.05.24

Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов. 2024-жылы кайра жаралуучу жашыл энергия булактарынын үлүшүн, Өзбекстандагы электр энергиясынын жалпы көлөмүнүн 18%  пайызына чейин жеткирүү пландалып жатканын билдирди. Ошондой эле Азербайжан жана Казакстан менен бирге Венгрия, Румыния жана Европанын башка өлкөлөрүнө “жашыл” энергияны экспорттоо пландалууда.

Өзбекстандын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов 14-майда Ташкентте ачылган Энергетика жумалыгында (UEW 2024) электр энергиясын өндүрүүдө кайра жаралуучу жашыл энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүү пландары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу  “Gazeta.uz” маалымат кызматы  билдирди.

Журабек Мирзамахмудов: “Биздин алдыбызда ушул жылдын аягына чейин жетишүү керек болгон амбициялуу максат бар. Ал жашыл энергиянын булактарынын үлүшүн 18% пайызга чейин (жалпы электр энергиясын өндүрүүдө) көбөйтүү. Ошондой эле кайра жаралуучу жашыл энергия булактары 2030-жылга карата күн жана шамал электр станцияларынын иштешинин эсебинен 25 (ГВт) энергия өндүрүп, жалпы  энергетикадагы үлүшүн 40% пайызга жеткирүү болуп саналат”, - деп билдирди.

https://www.gazeta.uz/ru/2024/05/14/renewable/