10.05.24

Өзбекстандын президентинин 7-майдагы жарлыгы менен Самарканд жана Жиззак облустарында эки шамал электр станциясын куруу боюнча инвестициялык макулдашуулар бекитилди.

“Universal Energy” менен инвестициялык келишимдерге 25-январда кол коюлган. Долбоорлордун аткаруучулары “Universal Energy” компаниясынын “Peak Wind Alpha” жана “Peak Wind Beta” филиалдары болуп саналат. Долбоордун камсыздоосу катары алар чет элдик банктан жалпы суммасы 18 миллион долларга кепилдик беришкен.

Ар бир долбоордун алкагында 250 (МВт) кубаттуулуктагы шамал электр станцияларын, ошондой эле электр өткөргүч линияларын куруу пландаштырылууда. Инвестор ар бир долбоорду ишке ашырууга 250 миллион доллар бөлүүнү көздөөдө.

Бул шамал электр станцияларынан өндүрүлгөн электр энергиясын 25 жыл ичинде сатып алуу милдеттенмесин өзүнө алган “Өзбекстандын улуттук электр тармактарына” сатууга кепилдик берилет.

https://www.gazeta.uz/ru/2024/05/10/power-stations/